Популярные темы

Өндүрүш өнүксө, экономика өнүгөт. «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү

Дата: 26 апреля 2024 в 17:04 Категория: Соңғы жаңалықтар қазақша


Өндүрүш өнүксө, экономика өнүгөт. «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү
Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү. Ага мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, Ноокен районунун акими, өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги, директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана акционерлер катышты. Маалым болгондой, чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын өтчёту кабыл алынып, 2024-жылга карата бюджет, иш пландар бекитилди.

«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Нургазы Нишановдун айтымында өткөн 2023-жылдын жыйынтыгы менен мунай өндүрүү 184 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга коюлган пландан 9 миң тоннага көп аткарылган.

Ал эми газ өндүрүүдө план 109 % аткарылган. Тактап айтканда 2023-жылы 25 млн м3 табигый газ өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 27,4 млн м3 газ өндүрүлгөнүн белгилеп өттү.

Мындан сырткары ал, 2023-жылы план боюнча жылына 61 миң 615 погондук метр бургулоо иштери каралса, иш жүзүндө 61 миң 826 погондук метр казылып, 34 жаңы скважина, анын ичинде 32 мунай өндүрүүчү жана 2 газ скважинасы ишке берилгенин кошумчалады.

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому ушул жылы кубаттуу бургулоочу жаңы техниканы ишке киргизди. Тагырагы, өндүрүштүк мекеме 384 602 138 сомго ZJ-40 атылышындагы кубаттуу стационардык бургулоочу агрегатты Кытай Эл республикасынан сатып алган. Мунай өндүрүүдө аталган техниканын орду чон мындан улам бул компания үчүн чон жетишкендик. Учурда ишканада 7 бригадалык топ бургулоо иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми, өткөн 2023-жылы мекемеге Россиянын «Автократ» ишканасы «Барс-140» аталышындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 140 тоннага барабар болгон мунай скважиналарын бургулоочу агрегатын жасап берип, ишке киргизген.

Акыркы 3-жылда «Кыргызнефтегаз» ААКу материалдык техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келет. Тагырагы 90 даана жаңы атайын техника сатып алынган. Бүгүнкү күндө Технологиялык транспорт башкармалыгында 332 даана техника бар.

Мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиевдин билдиргенине караганда жыйынга акционерлер толук катышып, өз сунуштарын берип, алдыда аткарылчуу иш пландарды түзүүгө көмөк көрсөткөн.

«Бүгүнкү жыйында башкармалыктын төрагасынын аткарган жумуштары тууралуу маалыматтарды угуп, акционерлер менен бирге күн тартибиндеги маселелерди карап, 2024-жылга бюджет менен иш пландарды бекиттик. Ал эми, мекеме алдыга чон максаттарды коюп, жакшы иштеп жатканы, акционерлер тараптан айтылып жатты», — дейт ал.

Сөз болуп жаткан ишкана 2023-жылы 3 милиард 243 милион сом консолидацияланган баланстык киреше тапканга жетишкен, ал эми консолидацияланган таза киреше 2 милиард 906 милион сомду түзгөн.

«Кыргызнефтегаз» ААКму 2023-жылы мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 676 миллион сомдук төлөмдөрдү төккөн. Анын 1 миллиард 476,5 млн.сому салыкка, 469,1 млн. сому социалдык фондго чегерилген. Ал эми мамлекеттик үлүшкө бөлүнгөн дивиденддер 730,2 миллион сомду туздү.

2021-жылы өлкө башчысы С.Жапаров Жалал-Абадка жасаган иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү заводу менен таанышып, аны тез арада жаңылоо боюнча тапшырмаларды берген. Бүгүнкү күнү заводду жаңылоонун алгачкы кадамдары башталып жатканын мекеменин жетекчилиги айтып өттү. Тагырагы чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп, 410 млн долларлык келишимдер түзүлгөнүн билдирди. Заводду модернизациялоо жумуштары аягына чыкса АИ 95 маркасындагы бензин иштелип чыгып, өлкө аймагын арзан, сапаттуу күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт жаралат.

Мындан сырткары өндүрүштүк мекеме Кочкор-Ата шаарындагы социалдык маселелерди өз каражатынын эсебинен чечип келет, тагырагы былтыркы жылы жалпысынан 96,2 млн.сомдук каражат жумшалган. Андан сырткары калаадагы ичүүчү таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу боюнча 10 млн содук долбоор даярдалып, бүгүнкү күндө иш жүрүп жатат.

Чогулушта сөз сүйлөгөн район акими Таалайбек Ишенбеков өндүрүмү жылдан-жылга өсүп жаткан ишкана Кочкор-Ата шаарынын эле эмес, райондогу социалдык маселелерди чечүүдө да оорду чоң экенин белгиледи.

«Баарына белгилүү болгондой,«Кыргызнефтегаз» ААК жыл сайын республикалык казынага ири өлчөмдө каражат төлөп келет. Мен анын ичинен мекеменин биздин районго тийгизген пайдасына эле токтолуп өтөйүн. Маалым болгондой, райондун өнүктүрүү фонду бар ишкана жыл сайын фонго каражат бөлүп келет. Өткөн жылы Кочкор-Ата шаарында 2 кабаттуу заманбап төрөт үйү дал ушул фонддун эсебинен курулуп пайдаланууга берилди. Андан сырткары Масы айыл өкмөтүндө 15 адамды иш менен камсыздаган чакан ишкана түзүлдү. Райондогу балдар бакчаларынын курулушу, жолдордун жаңылануусу да да ушул ишкананын бизге төлөгөн төлөмдөрүнүн натыйжасында жасалып жатат», — деди аким Т.Ишенбеков.

Жыйындын соңунда мекенин 2024-жылга карата иш пландары түзүлүп, өткөн жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы кабыл алынды.

Эске салсак, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун балансында иштетилип жаткан 14 мунай жана газ кени бар. Анын ичинен 3 лицензиялык аймакта изилдөө, чалгындоо багытында.

За последними событиями следите в Телеграм-канале @tazabek_official

По сообщению сайта Tazabek

Тэги новости: Соңғы жаңалықтар қазақша
Поделитесь новостью с друзьями